Эл аралык сотто Кыргыз өкмөтү Куттисай кени боюнча 24 миллион долларга утулду

Эл аралык арбитраждык сот Кыргыз өкмөтүн Кеминдеги Куттисай кени боюнча канадалык "Stans Energy​ Corp." компаниясына 24 миллион доллар төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу аталган компания билдирүү жасады.

Маалым болгондой, сотто канадалык компания Кыргыз өлкөсүнөн 118 миллион доллар төлөп берүүсүн талап кылган. Соттун чечиминин жыйынтыгында, Кыргыз өкмөтү 24 миллион доллар төлөп берүүсү милдеттендирилди.

"Stans Energy Corp." компаниясы Куттисай жана Калесай кенинде иш жүргүзүү боюнча 2009-жылы лицензия алган. Аны 2011-жылы Кыргыз өкмөтү келишимдерди аткарган жок деп, жокко чыгарган.

Жыйынтыгында, канадалык компания Кыргыз өкмөтү менен соттошуп келе жатат. 2014-жылы Онтарионун Жогорку соту Кыргыз өлкөсүн 118 миллион долларга доого жыккан. Бирок бул чечимди Москванын арбитраждык соту жокко чыгарган.

Бул окуя боюнча Кыргыз өкмөтү азырынча маалымат бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
elchi84
2019-08-23 11:41:11
Ана сага биздин бир эки чондордун айынан пайда эмес зыян келтирет .Бул дагы чон акча элдин мамлекет төлөйт эми.
+6
sabirdinovich
2019-08-23 11:55:16
Лицензияны элдин уруксатысыз бергендерди эл алдында доого жыгып, дарга астырыш керек
+10
Avrora2017
2019-08-23 14:55:52
sabirdinovich,кошулам атыш керек
+2
titanik32
2019-08-23 12:32:29
Эми балее болгон турбайбы Көттүсай кени.Ушул сабатсыз саткын сасык чимкирик эшекминерлердин атынан өлкөбүз өнүкбөй жатат да.
+8
talant87
2019-08-23 12:42:37
Ошол берген адамдар 300 сомго сатса тологонго депутаттар ошол мезгилде иштегендер окмот толосун
+3
Qwer007
2019-08-23 12:59:51
Кандай мал биздин бийлик, чет жактан келип кенин казып, аны аз келгенсип очойтуп акча алып кетсе.. эртен баары келип ушундай кылып Кыргызстанды жок кылатго
+5
ooki8888
2019-08-23 14:05:46
Келишим канчанчы жылы, ким аркалуу тузулгонун толук жазбайсынарбы. Эл билсин ким Кыргыз элине канча зыян алып келип жатканын.
+7
katerina.li
2019-08-24 11:26:56
Ошон учун чет олколук ишканалрга жерибизди каздырбаш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан