Декларация: Вице-спикер Төрөбай Зулпукаровдун Тойота Ленд Крузер унаасы жана 1 үйү бар
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаровдун 2009-жылы чыгарылган Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү унаасы жана 400 чарчы метр аянтты ээлеген бир үйү бар. Маалымат депутаттын тапшырган декларациясынан алынды. Зулпукаров 2012-жылы жалпы 1 570 987 сом киреше тапса, анын 970 987 сомун маяна катары алган. Ал эми эл өкүлүнүн жакындары 2008-жылы чыгарылган Хонда CRV унаасына ээлик кылышат.