Декларация: ЖКнын депутаты Мыктыбек Абдылдаевдин 2012-жылы тапкан кирешеси 1 миллион 315 миң сом
Жылдык кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу декларация тапшырган ЖКнын депутаты Мыктыбек Абдылдаев 2012-жылы негизги иш ордунан 1 315 060 сом киреше тапканын көрсөттү. Депутатка таандык 172 чарчы метр жерди ээлеген 1 үй бар. Анын жакындарынын былтыркы кирешеси тууралуу маалымат берилген жок, ал эми мүлктөрү: 130 жана 187 чарчы метр жерди ээлеген 2 батир, 2010-жылы чыгарылган Хундай Соната унаасы.