Бүгүн, 9-октябрда КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка кирип кетти. Ал буга чейин да Кой-Таш окуясы боюнча күбө катары сурак берип келген. Бүгүн макамы күбөдөн шектүүгө өзгөртүлөт деп божомолдоп жатканын билдирди.
"Буга чейин макамымды күбөдөн шектүүгө өзгөртөбүз деген коркутуулар болуп келген. Бир адамдын жалган көрсөтмөсү менен мени шектүү деп камакка алып коюшу мүмкүн. Бирок буга такыр негиз жок", - деди ал. ИИМдин Тергөө башкармалыгына Кундуз Жолдубаева кызын бала бакчадан атайын чакыртып алды.
"Капыс 48 саатка деле камакка алып койсо кызымды сагынам. Ошондуктан ал менен коштошоюн деп кызымды бала бакчадан алдырттым", - деди ал.
Жактоочу Замир Жоошев да анын макамы өзгөртүлүшү мүмкүн деген божомолдор бар экенин айтып, буга кечээ, 8-октябрда КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычовдун Жолдубаевага жана башка партиялаштарына каршы көрсөтмө бергени себеп болушу мүмкүндүгүн билдирди.