Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошова 2012-жылдагы кирешеси жана мүлктөрү тууралуу декларация тапшырды. Ага ылайык, эл өкүлү 2012-жылы негизги иш ордунан 876 136 сом маяна алган, мындан тышкары 503 347 сом киреше тапкан. Ошондой эле депутат өз декларациясында 7 сотых жер тилкеси жана жакындарынын 51,6 чарчы метр жерди ээлеген 1 батири бар экендигин көрсөткөн. Жолдошованын унаасы жана жакындарынын кирешеси тууралуу маалымат документте жазылган эмес.