Бишкекте бал жарманкеси ачылды

Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдында бүгүн, 14-августта бал жарманкеси ачылды. Быйыл 25-августка чейин улана турган бул иш-чараны “Кыргыз бал челекчилер биримдиги” коомдук бирикмеси 3 жылдан бери уюштуруп келет. Бирикменин башчысы Казим Каракетов билдиргендей, жарманкеге 25тен ашуун балчылар катышууда. Максаты – шаардыктарга сапаттуу, табигый бал азыктарын тартуулоо жана эл арасында таза балды колдонууну жайылтуу. “11 күнгө уланчу жарманкеге Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынан балчылар келишкен. Бул жерде жалаң таза, кошулмасыз балдар сатыкка коюлуп, баасы да базардагыдан арзан. Иш-чара күн сайын саат 09:00дөн 18:00гө чейин уланмакчы. Сатуучулар соода гана кылбастан, кардарларга балдын пайдасы тууралуу маалымат беришет. Ошондой эле жетим балдарга арналган кайрымдуулук акциясы өткөрүлүп, аларга 50 килограмм бал акысыз берилип, бекер концерт уюштурулат”,- деди Каракетов. 

Табигый балды кантип тандаш керек?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан