Дайынсыз болуп изделип жаткан бир тууган Асановдордун материалдык байлыгы, бизнеси жок экени айтылды

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан бир туугандар Канат жана Кубат Асановдор табыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бир туугандардын жакындары билдиришти. Айтымында, учурда издөө иштери токтотула элек.

"Бир туугандардын эч кандай материалдык байлыгы, бизнеси деле жок болчу. Жөнөкөй, карапайым эле адамдар. Алардын бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз болуп жатканы бизди тынчсыздандырууда", - дейт Асановдордун жакыны.

Буга чейин Бишкекте Канат Асанов 9-январдан бери дайынсыз болсо, аны иниси Кубат Асанов 15-январда издеп чыгып, ал дагы ошол күндөн бери дайынсыз болуп жатканы маалымдалган.

Кимде-ким сүрөттөгү жарандар жөнүндө маалымат билсе, төмөндөгү номерлерге чалып коюуну жакындары өтүнөт.

Байланыш телефону: 0551 12 42 19; 0755 07 47 20; 0706 98 99 84.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2020-01-28 16:00:39
Аман- эсен табылып калышсын Кудайым жалгап!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан