"20га жакын турак үй кыйрады". Түркиянын Измир шаарында күчү 6 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 30-октябрда Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга (айрым маалыматтарда 7 балл) жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жер титирөөдөн кеминде төрт адам каза болуп, 120дай адам жаракат алган. Жер титирөөнүн очогу Измир провинциясынын Сеферлихисар шаарынын аймагында болуп, очоктун тереңдиги 16,5 чакырымды түзгөн. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, жер титирөө өлкөнүн батышындагы ар кайсы шаарларда жана Стамбулда сезилген.
Измир шаарынын мэринин баш катчысы жергиликтүү телеканалдардын бирине "Бука, Байракли жана Борнова райондорундагы бир нече имарат кыйрады" деп билдирген. Айрым маалымат булактарында 20га жакын турак үй кыйраганы жазылууда.
Түркиянын Измир шаарында катуу жер титирөө катталды
Түркиянын Измир шаарында катуу жер титирөө катталды2
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nazira...
2020-10-30 22:26:41
Кудай сактасын
+9
Zamir888
2020-10-30 22:28:36
АЛЛАХ сактасын мындай кырсыктардан!!!
+7
Asel69
2020-10-30 23:00:57
Жараткан Тенирим кырсыктан сактасын
-4
Bekkushmat
2020-10-30 23:05:25
Asel69,Тенирчилер Аллахты таныгылачы Аллах жалгыз.
+12
Sofiya05
2020-10-30 23:39:18
Кудай сактасын...
+4
Kg.ka84
2020-10-31 12:03:12
Оооо Аллахым ушундай кырсыктардан өзүң сакта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан