Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан бүгүн, 18-февралда кабарлашты.
Белгилүү болгондой, УКМК тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата сотко чейинки өндүрүш улантылууда.
"Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Ал УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, 48 сааттын ичинде сот ага карата тергөө бүткүчөктү баш коргоо чарасын карайт", - дешти мекемеден.
Ошондой эле УКМК бул кылмыш ишти иликтөөнүн жүрүшү менен коомчулукту кабардар кыларын кошумчалады.