Кыргыз кызынын улуттук кыз куумай оюнун сноуборддо чагылдырган видеосу көпчүлүктү суктандырды

Кыргыз кызы Айгерим Мухтар кызы улуттук кыз куумай оюнун чагылдырган жаш жигит менен жарышып, сноуборд тээп жүргөн видеону социалдык тармакка жарыялады. Аталган видео көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алып, суктанууга арзыды.

Видео лыжа базаларынын биринде тартылган. Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары "Заманбап кыз куумай", "Азаматсыңар!", "Мыкты идея" деген өңдүү жагымдуу пикирлерин калтырышкан.

Кыз куумай оюну кыргыз элинин эң байыркы оюндарынын бири. Кыргыз эли бул оюнду көбүнчө күйөө кызга күйөөлөп жүргөндө, аш-тойдо, майрамдарда ойноп, калың элге тамаша курушкан. Кыз тандаган атын минип, андан артканы гана жигитке тийген. Жигит кызга жетсе артылып бетинен өпкөн, жетпей калса кыз аттын башын буруп камчы менен жигитти кайра кубалап сабаган. Кыз куумай азыр да элдик тойлордо, майрамдарда кеңири ойнолууда.

Кыргыз кызынын улуттук кыз куумай оюнун сноуборддо чагылдырган видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baatirbek81
2021-02-26 10:14:17
Эмне кылганы көтөрүп кети?
+2
Asmat84
2021-02-26 14:29:29
Baatirbek81,
Ким билет эмне кылганы көтөрүп кеткенин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан