Биз социалдык тармакта

"Президентке эмдөөдөн өтүүнүн кажети жок" дейт мамлекет башчынын басма сөз катчысы

Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Галина Байтерек президент Садыр Жапаровду эмдөө маселесине байланыштуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, лабораториялык кан анализдеринин изилдөөсүнө ылайык, Садыр Жапаровдо коронавирус инфекциясына каршы антителолор буга чейин бул илдетке кабылгандыктан жетиштүү көлөмдө табылган.

"Дарыгерлердин кеңеши боюнча учурда президентке эмдөөдөн өтүүнүн кажети жок. Эгерде убакыттын өтүшү менен антителолордун саны жоголсо же сезилерлик азайса, анда Садыр Жапаров коронавируска карата сөзсүз түрдө эмделет", - деди Галина Байтерек.

1-этапта эмдөө төмөнкүлөргө пландаштырылууда:

— инфекция коркунучу жогору жана өтө жогору, кызыл зонада, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда жана Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда иштеген медициналык кызматкерлер;

— тез жардам көрсөтүү кызматынын, оорунун же өлүмдүн оор түрлөрүнө чалдыгуу коркунучу жогору болгон интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнүн медициналык кызматкерлери;

— узак мөөнөттүү медициналык адистер жана кызматкерлер;

— билим берүү уюмдарынын, укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери.

Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nurmat8921
2021-03-26 13:18:55
Мен деле өтпөймун анда
+5
Alia82
2021-03-26 13:20:18
Ыктыярдуу турдо китайский вакцина алышабыкен...
0
amirrus
2021-03-26 13:26:50
Мен да албайм,Садыр аВам албаса...
+6
Urmat78
2021-03-26 13:53:20
Кече Сексалю туура эле сүйлөдү биринчи министр премьер депутаттар алыш керек деп.Оздору албайт карапайым элди кыйнайт милдеттүү түрдө ал деп.Пвйдасы болгондо өздөрү биринчи алышмак
+8
forever88
2021-03-26 16:15:14
Алынар карапайым калкка эле детей да. Медиктер 70-80 пайызы ооруп буткон.
+5
Mylatka..
2021-03-26 19:24:35
Ооруп айыккандар албайбы ??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан