"Үй ээсин сабап салышкан". Ошто 4 адам каракчылык кылып качып баратканда кырсыкка кабылышып үчөө каза болду (сүрөт)

Ош шаарында каракчылык кылып үйгө кирип, унаа менен качып бара жаткандар кырсыкка кабылып, үчөө каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маркумдар кырсыкка кабылардан мурун бир үйгө кирип, каракчылык жасашкан.

Бүгүн, 11-апрель күнү саат 01:50 Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ош-Ноокат жолунда ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаа менен ДАФ унаасы кагылышып, натыйжада унаанын ичиндеги 3 жаран каза болгон.

"Ыкчам тергөө тобу тарабынан каза болгон ВАЗ-2106 унаасынын ээси аныкталган. Ал Жапалак айылынын 1964-жылы туулган тургуну. Унаасын Ош шаарынын Жапалак көчөсү аркылуу батыштан чыгышты көздөй башкарып бара жатып Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын 1973-жылы туулган тургунунун башкаруусундагы оор жүк ташуучу унаанын жолуна чыгып, бетме-бет сүзүшкөн.

Натыйжада жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчү катары бара жаткан 2 аял окуя болгон жерде каза болгон. Дагы бир жүргүнчү (эркек киши) Ош шаардык аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Окуя болгон жерди кароо учурунда жеңил унаада 1 даана милиция кызматкерлери колдонгон дубинка табылган. Тергөө учурунда унаа кырсыгына кабылган оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу суралган. Тергөөнүн жүрүшүндө 10-апрель күнү саат 23:40 чамасында Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз жарандар шаардагы тургундун үйүнүн эшигин бузуп киришип, аны дубинка менен ур-токмокко алып, акчаларын карактап кеткендиги кабарланган. Ошондой эле жабырлануучулар милиция кызматкерлери менен бараткан учурда шектүүлөр айдап жүргөн унаа өтүп кеткен. Алар унааны таанып айтышкан. Ошол замат кызматкерлер аларга токтоо белгисин бергенде ылдамдыкты күчөтүп, качууга аракет жасап, каршы тилкеге чыгып кырсыкка кабылган", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Pankration_MMA
2021-04-11 13:11:41
Жакшы болуптур да, каракчынын жазасы өлүм болчуда!!!
+10
Luna7
2021-04-11 13:48:38
Уурунун жолу кууш.
+10
Ozgocho111
2021-04-11 14:01:11
Арам оокат аш болбойт
+7
AykaMer
2021-04-11 14:58:00
Ырас болуптур, бирөөнүкү бирөөгө жукпайт да...тообо кылдым...тфу,тфу
0
tilek121277
2021-04-11 17:48:07
Аялдар менен каракчылыкка барганбы ошондо милициянын версиясы окшобой калды
+1
TIMON_BERKOWITZ
2021-04-11 23:32:46
Кана эми баардык каракчылар ДТП болуп калышса!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан