Интернет желелерине айыл тургундары маркумду узатуудагы чыгымдарды кыскартуу боюнча жалпы эл менен сүйлөшүп, бир чечимге келгенин билдирген маалымат тарап жатат. Анда тажыя күнү маркум акыркы сапарга бир кой менен узатыла турганы, дасторкон жасалбай, чай ичирди өткөрүлбөй, кийим-кече, аялдардын көк кийип, өкүрүп-бакырып туруусуна тыюу салына турганы жазылган.
Бул тактайчада жазылган жазууну журналист Канышай Мамыркулова өз баракчасына жүктөдү. Анда жазылган эрежелер азыркы тапта кызуу талкууланууда. Албетте, талкуу бир тараптуу болбоосу анык, аны колдогондор да, каршы чыккандар да болууда. Бирок жогорудагы жазуулар кайсы айылда жазылганы, кайсы жакта илинип турганы тууралуу азырынча так маалымат жок.
Буга чейин үлпөт-той, аш-мааракелерди өткөрүүгө чектөөлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.
Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, анда шилтемедеги эрежелерге баш ийүүбүз шарт болот.