Индияда сүрөткө түшүп жаткан 11 адамга чагылган тийип каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, алар жамгыр жаап жатканда, тарыхый имараттын үстүнө чыгып уюлдук телефонго сүрөткө түшүп жатышкан. Болжол менен 27 адам болгон жана алардын айрымдары чагылган түшкөндө жерге секирип кетүүгө үлгүрүшкөн.
Индиянын метеорологиялык кызматы акыркы убактарда чагылган түшүп, каза болгондордун саны көбөйүп жатканын билдирген.