Орхан Инандынын уурдалышы жана кош жарандуулугу тууралуу Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ахмет Доган жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине пикирин билдирди.
Анын айтымында, Инанды уурдалган эмес, жоопко тартылуу үчүн кармалган.
"Орхан Инандыны үч жыл мурун Түркияга өткөрүп берүүнү талап кылганбыз. Ал куралдуу террордук уюмду түзгөн жана жетектеген деп айыпталган. Анын Түрк жараны экендигин биз ошол кездеги кыргыз бийлигине кабарлаганбыз. Азыр эмне болуп жатканына таң калам.
Орхан Инанды ФЕТО уюмунун Борбор Азиядагы башчысы. Ал Түркия Республикасынын улуттук чалгындоо кызматы тарабынан чет өлкөдө жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында кармалып, Түркиянын укук коргоо органдарына өткөрүп берилди. Менин оюмча, "уурдалган" деген туура эмес сөз. Туура сөз - кармоо жана жоопко тартуу. Ошол эле учурда Кыргыз өлкөсүнүн суверендүүлүгү бузулган жок.
Түркиянын жарандыгы жөнүндө мыйзамга ылайык, бир нече жарандыкты алууга болот. Башка өлкөнүн жарандыгын алганда декларациянын кереги жок. Орхан Инанды Түркияга Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгын алгандыгын жана Кыргыз өлкөсүнө Түркиянын жарандыгын сактап калгандыгы жөнүндө билдирген эмес", - деп билдирген элчи.
Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.
6-июлда президенттин тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Доганга Орхан Инандыны кайтарып берүү боюнча нота тапшырган.