Түркиянын борбору Анкара шаарында "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандынын соту башталды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орхан Инанды сот отурумуна видеоконференция аркылуу өзү жаткан абактан байланышып, ал эми анын жактоочусу сот залында катышты.
Соттук отурумда айыпталуучу колу сынгандыгына байланыштуу коргонуу иштерин даярдай албай калгандыгын жана бул үчүн кошумча убакыт берүүсүн суранган.
Белгилей кетсек, Түркиянын башкы прокуратурасы Инандыны 22 жыл, 6 айга эркинен ажыратууну талап кылууда.
Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.
Орхан Инандынын жоголушу боюнча окуянын хронологиясы менен шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.