Москвага Кыргыз өлкөсүнөн учуп барган 300дөй Кыргыз жарандары Шереметьево аэропортунан чыга албай жатышат. Бул тууралуу социалдык тармактарда видео тарады.
"Оштон, Бишкектен эртең менен саат сегизде бала-чакалары менен келгендер бар. Жалпы жарандык паспортторубузду, ID-карттарыбызды чогултуп алышкан. Аэропорттогулар адамдарды бирден-экиден чакырып эмне максатта келгенибизди сурап жатышат. Бирден эле өткөрүп жатышат, а бул жакта 300дөй адам учуп келип күтүп отурабыз”, - деп айтылат видеодогу маалыматта.
Бул боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине байланышканыбызда таңкы саат алты болгонун, жумуш күнү баштала электигине байланыштуу маалымат бере албастыгын, эмне болгону тууралуу кийинчерээк кабарлашарын билдиришти.