Тажикстандык студенттерге өлкөгө кирүүгө уруксат берилди

Тажикстан жарандарын Кыргыз өлкөсүнүн аймагындагы билим берүү процесстерине киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Чечимге ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн билим берүү уюмдарында окуп жаткан, окууга өткөн же мугалим болуп иштеп жаткан Тажикстандын жарандары өлкө аймагына кире алышат.

"Мурда Билим берүү жана илим министрлиги Тажикстан Республикасынын жогоруда аталган жарандары, тактап айтканда Кыргыз өлкөсүнүн окуу жайларынын мектеп окуучулары, студенттери жана окутуучулары, анын ичинде этникалык кыргыздар Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча эки өлкөнүн чек арасын кесип өтүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган буйрук долбоорун киргизген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-10-23 20:18:28
Бекер кылышты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан