Бишкекте №4-төрөт үйүнөн уурдалган ымыркай табылды. Муну Бишкек ШИИББинен билдиришти. Ал Асанбай кичи районундагы №4-үйдөн табылды жана аны уурдоого шектүү аял кармалды. Эскерте кетсек, ымыркай 5-ноябрда уурдалган болчу. Кылмышка шектүүнүн өздүгү такталууда.