26-27-майда Бишкекте Евразия экономикалык форумдун өткөрүлүшү пландаштырылууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар форматтагы алгачкы жыйынында айтты.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынынын алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин катышуусунда өтөт.
Андан соң жыйын жабык форматта өттү. Эртең Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны кеңейтилген курамда өтөт.
Учурда Евразиялык экономикалык биримдиктин курамына беш мамлекет: Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Орусия Федерациясы кирет.
Белгилей кетсек, ушул жылы Кыргыз Республикасы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылууда.