Түркиядагы кыргызстандыктар кыргыз бийлигине кайрылуу жасашты

Түркия өлкөсүндө иштеп жана окуп жаткан кыргызстандыктар кыргыз элине жана бийлик жетекчилерине кайрылуу жасашты. Муну алардын атынан Айгүл Сыдык кызы билдирди. Кайрылуунун мазмуну төмөнкүдөй: 

“Жалпыга маалым болгондой, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон өкмөттүн токтомуна ылайык, чет элдик жарандар имараттарды менчикке чыгарууга жана жер тилкелерин узак мөөнөткө ижарага алууга укуктуу болду. Чет өлкөдө билим алып жана иштеп жаткан Кыргызстандын атуулдары катары бул токтомго каршыбыз. Анткени: Эгемендүүлүк алгандан берки 20 жылдан бери жерибиз чекесинен сатылып, элибиздин байлыгы тонолуп, бул тоноонун аягы бүтпөй келүүдө. Ушундай ыкма менен Аскар Акаевдин тушунда Үзөңгү-Кууш сатылды. Каркыранын казактарга берилиши менен үй-бүлөлүк башкарууга нааразы болгон эл, бийликке каршы чыккан. Атылган окко да карабай элибиздин келечеги үчүн жанын берген 90дон ашуун эр азаматыбызды эстен чыгардыкпы?  

Жердин таңсыктыгынан улам социалдык проблемалар бышып жетилди, каргашалуу Ош-Жалал-Абад окуясы болуп өттү. “Кыргызстанды бөлүп алам!” деген ал окуянын негизги күнөөлүүлөрү азыркы учурда кайда? Акаев, Бакиев бийлигинде үй-бүлөлүк жана кландык башкарууда жашап келдик. Парламенттик башкарууга өткөндөн бери Кыргызстан бир партиянын (КСДП) жеке менчигине айланды. Эки төңкөрүш алардын бийликти биротоло менчиктеп алуусу үчүн жана калган жерди сатуусу үчүн жасалганбы? Жалпы кыргыз элибиздин кен байлыктары улуттун кызыкчылыктарына багытталбаганы анык. Чет элдик компаниялардын жана бийлик башында олтурган бир ууч жемкорлордун кызыкчылыктары ата-бабабыздын мурасынан жана жаштарыбыздын, балдарыбыздын келечегинен өйдө турабы?  

Азыркы учурда көбүнчө кыргыз жаштарынын тагдыры: же өз мекенинде жер тилкесин алуу үчүн чет өлкөдө башкаларга жаман-жакшы көрүнүп жалданып иштеп жүрөт, же Кыргызстанда калып иштейт, айлыгынын аздыгынан жылдап жер сатып ала албай жүрүшөт. Коррупцияга карабай “мекенди сүйүү кызмат менен өлчөнөт” принциби менен Түркияда билим жана тажрыйба алып Кыргызстанга кайтууну көздөгөн атуулдарыбыз көп. Мамлекеттик сектордогу коррупцияга аралашкысы келбеген атуулдарыбыз багытын жеке секторго бурууда. Бирок жаңы бутка турганга аракет кылып жаткан бул жаштар Кыргызстанда жер имарат алууга күчү жеткен чет элдик бизнесмендер менен жарыша алабы? Бул токтом, өзгөчө жаштардын шагын сындырган кыянат токтом.  

Өкмөттүн милдети - чет өлкөлүктөрдүн эмес, кыргыз жаштарынын өз өлкөсүндө өнүгүүсүнө, иш куруусуна жеңилдик түзүү. Өкмөттүн милдети - өлкөгө чет элдик инвестор тартуудан мурун өлкөдөн өз жаранын качырбоо. Казакстан дүйнөдө чачырап жашаган атуулдарын мекенине жайгаштырууда. Бизде Ооганстан жана Түркиядагы кыргыздарды алып келүү мындай турсун, жерибиз чет элдиктерге берилип жатат. Жаман үйдү коногу бийлейт!”

Ушундай мазмунда жазылган кайрылууда кыргыз баатырлары мекенин душмандардан коргоп келгени мисал менен айтылат. “Жалпы кыргыз элибиз, Түркияда окуп жана иштеп жаткан атуулдардын ушул кайрылуусун терең түшүнүү менен кабылдоосуна, бул кайрылууну колдоосуна терең ишенебиз”,- деп аяктайт кайрылуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан