Бишкектин сулуулук клиникаларында аткезчилик жол менен алып келинген дары-дармектер табылды (видео)

Дары-дармектерди системалуу түрдө аткезчилик жолу менен алып келүү фактылары аныкталды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Бишкекте медициналык эстетикалык косметологияга адистешкен бир катар сулуулук салондору жана сулуулук клиникалары тиешелүү экспертизалардан өтпөгөн препараттарды колдонуп келишкен.

"Сапатсыз, аткезчилик жолу менен алып келинген дары-дармектер аллергиялык реакциялар, анафилактикалык шок, сезгенүү жана инфекциялык процесстер, сепсис, жумшак ткандардын некрозу жана гематомалар сыяктуу ооруларды пайда кылат.

Бул жакынкы келечекте улуттун генофондунун бузулушуна алып келиши мүмкүн. Аткени жаш кыздар косметологдордун кызматына көп кайрылышат", - деп айтылат маалыматта.

Учурда топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголду.

Аткезчилик жолу менен алып келинген дары-дармектер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан