Баланы сактап, бирок өздөрү сууга агып кеткен видео: Куткаруучулардын тагдыры белгилүү болду

Социалдык тармактарда сууда агып бара жаткан баланы куткарып, бирок өздөрү сууга агып кеткен куткаруучулар тууралуу тартылган видео Кытайдагы Синьцзян-Уйгур автономиялуу облусунда болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, үч патрулдук милиция кызматкери 11 жаштагы баланын каналга агып бара жатканын көрүшкөн. Алардын экөө жардам берүү үчүн сууга секиришкен. Каналдын эки тарабында агым катуу болгондуктан жана жылмакай плиталардан улам баланын артынан экөө тең агып кеткен. Алар баланы суудан чыгарып, бирок өздөрү чыга албай калышкан.

Куткаруучулар суудан аман-эсен чыгышкан. Бирок экөө тең белинен жана бутунан жаракат алышкан. Ал эми бала дароо ооруканага жиберилген.

Буга чейин интернетте сууда агып бара жаткан баланы куткарууга аракет кылган куткаруучулардын сууга агып кеткендеги видеосу тараган. Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул окуя Кыргызстандын аймагында болбогонун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан