Мелис Мырзакматов кайсы сөзү үчүн өкмөт башчыдан эскертүү алды?

Өкмөттүн басма сөз кызматынын 3-декабрда берген маалыматына ылайык, Жантөрө Сатыбалдиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чогулуш өткөрүп, анда Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айткан. Келдибековду тарапташтары өткөргөн митингде мэрдин айткан сөздөрүн сындап, чектен чыкпай, өз милдетин  мыйзам чегинде аткарууга чакырган эле. 

Социалдык түйүндөрдө талкууга алынган мэр Мелис Мырзахматовдун 2-декабрда, митинг учурунда сүйлөгөн сөзү: 

Митингчилер: - Кыргыздын арстаны, жолборсу Мырзакматов Мелисбек Мырзакматовичке сөз берилет.

Мелис Мырзакматов: - Саламатсыздарбы урматтуу улуу журт! Мына өзүңүздөр көрүп жатасыздар, мен кечээтен бери жергиликтүү телевидение аркылуу ар жарым саатта сүйлөп жатам. Туура тергөө жүрсүн. Акыйкаттык болсун деп. Эми коррупция боюнча айтып койсок. 

Урматтуу туугандар, бул коррупция эмес. Коррупция бул, “Кыргызгазды” 65 депутат сатып жиберди 1 долларга. Мына ошол коррупция. Коррупция кайсы? Бүгүн "Кумтөрдү" чечпей жатышат, мына ошол коррупция. Элдин пайдасына иштетпей жатышат, мына ошол коррупция. Анан буга окшогон томаяк баланы алып чыгып алып, ушуну коррупционер кылып, тескери сүйлөгөндөрдү, айыбын бетке айткандарды уюштурушуп, буга окшогон бей-бечараны камап жатышат. Бул коррупция эмес. 

Митингчилер: - Урррааа!

Мелис Мырзакматов: - Элге чыккынчылык кайсы? Мен мобу жерде карап отурдум. Үч боз үйдү талкалап, аны милицияканага алып барып коюшту. Мына ошол элге чыккынчылык. Ат - адамдын канаты, мобу жерде атчандарды киргизбей тосуп алган. Мына ошол журтка чыккынчылык. Батукаевди килем салып бошотуп жиберген, мына ошол улутка чыккынчылык. 

Урматтуу туугандар, акыйкатчылык кетти. Акыйкат бийлик болбой калды. Бардык кылгылыкты кылып алып, "бардыгын камай бер, биз болсок болду" дегендер мына ошол жерде отурушат. Урматтуу туугандар, Камчыны сындырабыз дешти эле, Камчы сынган жок. Азыр интернеттен окусам Камчынын баласы машинанын баллонун уурдап алды деп милиция камап жатат экен. Эй, бул бийлик апенди болуп калды, апенди. Булардын көзүн май басты. 

Урматтуу эл, урматтуу туугандар! Кыргыздын эркин эч ким сындыра албайт. Мына бул жерде 5 эле КСДП бар. Прокурор, милиция, анан дагы бир-экөө. Элдин баары КСДП эмес. 

Урматтуу туугандар, бизди дагы эне тууган. Ата бешенебизден сылаган, элге кызмат кылгын деп. Башка кылыч такаса да, чындыкты айткын деп. Биз чындыкты айтабыз. Менин жүрөгүм эзилип турат. Мына суукта аксакалдар чыгып турганын, аялдарды милициялар түрткөнүн көрүп менин жүрөгүм эзилип турат. Булардын да энеси бар. 

Мен күч органдарына айтып коёр элем. 7-апрелде Таласта элден кордук көргөнүңөр эсиңерден чыктыбы? Конгантиев эсиңерден чыктыбы? Погонуң жулунуп, мурунуң кан болуп келгенде биринчи Мырзакматов барып абалыңды сурадыбы, урматтуу милиция кызматкерлери? Элге каршы чыкпагын, өз элиңди коргогун. Урматтуу погончондор, элди сыйлагын, атаны сыйлагын, энени сыйлагын.

Митингчилер: -Элге кошул! 

Мелис Мырзакматов: - Шайтанга кызмат кылбагын. Урматтуу күч органдарынын кызматкерлери, элге кошул, элден чыккансың. Сени дагы эне-ата төрөгөн. Кыргыздын боз үйүн талкалап, милицияканага тыкпагын. Кыргыздын канаты болгон аттын жолун тоспогун. Мына менин эскертүүм. 

Урматтуу туугандар, дагы бир нерсени айтып коёюн. Эптеп мени өткөрбөштүн айласын кылып, мына Хажынаби деген депутатты криминалдар коркутуп, өлтүрүп тынышты. 5 жолу келди мага, "мени коркутуп атат, менин жүрөгүм чыдабай калды" деп. Мына шайлоо. Кыргызстандын, кыргыздын намысын чет элде 5 жолу коргогон. Кыргызстандын флагын желкесине жамынып туруп аттап өтүп кеткен дүйнөдө. Мына бүгүнкү күнгө чейин квартирада жашайт. Ушуну коррупционер кылып жатат бүгүнкү күндө. Камчынын баласы машиненин баллонун уурдады деген кеп да. Эй, өздөрүн ким айтат? Кана "Ширшовдун схемасын" тапкандары? 

Газды эптей албай 1 долларга сатып атат. Ушу Ахмат айтты эле, "1 долларга мага эле бер, мен иштетейин" деп. Жок, бул "шапкесин" бербейт да. "Шапкесинен" калып калышат. Ошон үчүн бул жакка берип жатышат. Урматтуу туугандар, эч качан коркпогула! Баары бир милиция эл тарапта болот. Шайтанга кызмат кылган кыла берсин. Көрүшөбүз. Алар менен тайгак кечүү, тар жолдо көрүшөбүз. Туман баскан ашууда көрүшөбүз. 

Мына бул жерде 5-6 күңк-пүңк дегендер - кошоматчылар, шыпыргылар. Булар айтып жатат, "Камай бер Ахматты, Камчыны камай бер, Мелисти да кама. Мына биз турабыз" деп жатышат. "Мына ошол уурулугуңду биз коргоп беребиз. Арам бийлигиңди биз коргоп беребиз" деп жатат. Ошондуктан күпүлдөп жатышат булар. Ана, атчандарды киргизбей жаткан ким? Мына ошо жерде турат. Боз үйдү талкалатып тыккан ким? Ушул жерде турушат. Кыргыз эч качан чөгөлөгөн эмес. Чөгөлөбөйбүз. Ушуну бир билгиле, шаардын бийлиги. 

Бүгүнкү күндөгү шаардагы “Улуттар биримдиги” партиясынын депутаттары, мына ак калпакчан аталар силер менен. Эч качан улуттун кызыкчылыгын сатпайбыз. Эч качан Оштун намысын бербейбиз! Ошондуктан мен, оо, тетиги жерде карап отурам. Митингиңерди кыла бергиле. Камчыга 7 жолу уруксат бергенмин, “Митинг өткөрө бер” деп. Мына азыр Ахматка үчүнчүсүнө кол коюп бердим, “өткөрө бер” деп. Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун. Анан кийин айтып коёюн, кайсы бир кызыл шапкечен энелерди, аксакалдарды түрткүлөй турган болсо, мага түз киргиле. 

Бар болгула, кыргыз элим! Чындык үчүн күрөшкүлө!

Шаар башчынын сөзү өзгөртүүсүз берилди.

    


кошулду
Мелис Мырзакматов: "Үч боз үйдү талкалап аны милицияканага алып барып коюшту. Мына ошол элге чыккынчылык"
Мелис Мырзакматов: "Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан