Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов өз каалоосу менен кызматтан кетти

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов кызматтан кетти.  Бул туурасында  бүгүн, 4-декабрда журналисттерге билдирген. 

Шаар башчысы бул кызматта 2010-жылдын 8-апрелинен тарта иштеп келген.

“Билсеңиздер, мен бул кызматка Апрель окуяларынан кийин келгем. Анда баш аламандык, жерди басып алуу, мыйзамсыз иш-аракеттер көп болчу. Бирок кандай болгон күндө да шаар үчүн болгон күч-аракетимди жумшадым. Мен артымда жакшы из калтыргым келди”,- деди Иса Өмүркулов.

Ошондой эле  шаар башчысы борбордогу базарларды тартипке келтиргенин, шаар ичиндеги 118 чакырым жол оңдолгонун кошумчалады.  

Эске сала кетсек, 2-декабрда шаар башчысы Иса Өмүркулов Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган деп айыпталып, ага  карата КРнын Кылмыш -жаза кодексинин 305-беренеси (жер мыйзамдарын бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан