Айдоочулук күбөлүктү калыбына келтирүүгө кайсы документтер керек? (тизме)

Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү жоготулган айдоочулук күбөлүктөрүн калыбына келтирүүгө же алмаштырууга ниеттенген Кыргыз жарандары алар жашаган жери боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылса болот. Бул тууралуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

1) Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык жеке номерин;

2) белгилеген форма боюнча арызды (ошол жерде толтурулат);

3)Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карт) же болбосо Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун - Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн;

4) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине кайрылган Кыргызстандан сырткары жүргөн же барган Кыргызстандын жарандары үчүн - белгиленген тартипте консулдук легалдаштыруу жөнүндө белги же апостиль коюп, мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу медициналык мекемеси же органы тарабынан берилген датасы 12 айдан ашпаган медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти;

5) улуттук же эл аралык айдоочулук күбөлүктү (жоголгон учурда берилбейт);

6) айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүктү;

7) айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасын.
6 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн документтер тапшырылбаган учурда Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси аларды маалыматтык базасына киргизүү боюнча тийиштүү процедураларды өз алдынча жүргүзөт.

Айдоочулук күбөлүктүн наркы дээрлик 561 сомду түзөт.

Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча өз тейлөөлөрүн сунуштаган бейтааныш адамдарга кайрылбай, түздөн-түз дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылып, расмий жол менен айдоочулук күбөлүктөргө ээ болуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан