Ысык-Көл облусунда Кытай жараны изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 24-июль күнү саат 13:00 чамасында Кытай Эл Республикасынын 2000-жылы туулган С.Т. аттуу (эркек) жараны Ак-Суу районундагы Ала-Көл жайлоосунун Сирота аталышындагы аймагына чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендиги тууралуу маалымат ИИМ кызматкерлерине түшкөн. Ал эми ӨКМнын Ысык-Көл облустук башкармалыгына 18-август күнү бул тууралуу маалымат ошол эле ИИМ тарабынан келген.
Издөө ишине ӨКМнын кызматкерлери ошол күндөн тарта чыгып, бүгүн аталган жаранды издөө ишине саат 05:00дө Каракол шаардык №15 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылды.
22 жаштагы Кытай жараны К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин 3-курсунун студенти болгондугу айтылат.