Баңгилерди дарылоочу Жеңишбек Назаралиев Кыргызстанда марихуананы легалдаштырууну сунуштады

2009-жылы КРнын Президенттигине талапкерлигин койгон белгилүү коомдук ишмер, баңгилерди дарылап келген дарыгер Жеңишбек Назаралиев Кыргызстанда марихуананы легалдаштырууну сунуштады. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал Ысык-Көлдүн аймактарында марихуананы мыйзамдуу өстүрүү боюнча эксперименталдык программаны сунуш кылды. Назаралиевдин айтымында, учурда көмүскө экономикасы бүт баңгилердин рыногун көзөмөлдөп турат. Эгер бийлик баңгизатын жасоочуларды жана сатуучуларды көзөмөлдөсө, баңгилер бир эсе азаймак жана бюджетке ири салыктар түшмөк.

Эскерте кетсек, эксперттердин эсеби боюнча Ысык-Көл жана Чүй облустарында үй-бүлөлөрдүн 60-70 пайызы марихуананы өстүрүү жана сатуу менен иштешет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан