Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Ахматбек Келдибеков Бишкек шаарындагы №4-ооруканада жаткандыгы белгилүү болду. Социалдык тармактар УКМКнын тергөө абагына 19-январга чейин камалган эл өкүлү бүгүн,13-январда бутунан операция боло тургандыгын жазып чыгышкан эле. Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, Ахматбек Келдибеков бөйрөгү ооруганына байланыштуу дарыланып жатат.
“Депутат Ахматбек Келдибеков “бөйрөгүндө таш бар” деген аныктаманын негизинде буга чейин да дарыланып жүргөн. Бул да адаттагы эле дарылануусу, ага операция жасалбайт”,- деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.
Эске салсак, Ахматбек Келдибеков Социалдык фондду, кийинчерээк Жогорку Кеңешти башкарып турганда мамлекеттин казынасына зыян келтирген деген айып менен УКМКнын тергөө абагына 2013-жылдын 20-ноябрында камалган эле.
Белгилей кетсек, лыжа тебүү учурунда кырсыктап калган башкы прокурор Аида Салянова да ушул ооруканага түшкөн.