Активисттердин демилгеси менен Бишкектин Абдрахманов көчөсү менен
Чүй проспектисинин кесилишиндеги жол чырактага "жылмайып туруучу" белгилер коюлду. Жол
чырактын жашыл жарыгы күйгөндө жылмайган быйтыкча, ал эми кызыл жарык күйгөндө кабагы бүркөө
быйтыкча көрүнөт.
Уюштуруучу Айбек Баратовдун айтымында, иш-чаранын
негизги максаты элге позитивдүү маанай тартуулоо. Активисттер жакынкы күндөрдө башка жол чырактарга
да ушундай жылмаюу тартуулашмакчы.