Ош. Митингде Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү өрттөлдү

Ош шаарындагы митингде президент Алмазбек Атамбаевдин портрети өрттөлдү. Муну аймактык кабарчыбыз билдирди. Сүрөттү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров өрттөп жиберди. Митингчилер бул көрүнүштү колдоп кыйкырышууда. 

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-январда Ош шаарына мэр шайлоо өтүп, Айтмамат Кадырбаев шаар башчысы болуп шайланды. Ал шаардык кеңештеги 45 депутаттын 25инин добушун алды. Ал эми Мелис Мырзакматовго 19 депутат добушун берди. 1 бюллетень жараксыз деп табылды. 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан