Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Сулаймановдун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 31-январдагы жыйынында кабыл алынды. Буга депутаттын Жогорку Кеңештин сессияларына 30дан көп жолу катышпаганы себеп болду. Маалыматка таянсак, депутат 2012-жылы өлкөдөн сыртка чыгып кеткен. Жүрөгүнө операция жасалып, учурда деле чет өлкөдө.
Нурлан Сулайманов:
1958-жылы 17-декабрда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 2005-2010-жылдары КРнын Транспорт жана коммуникациялар министри болуп иштеген.
2010-жылдын октябрынан "Ата Журт" партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланган. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү.