"Кара-Кече" кенинде каза болгон айыл туругунун өлүмүнө шектүү милиционерлердин иши сотко өттү

"Кара-Кече" кенинде каза болгон айыл тургунунун өлүмүнө шектүү Нарын облусунун милиционерлерине карата ачылган кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-январда Нарын облусунун прокуратурасы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” жана “кызматтык милдетинен чектен чыгуу” беренелерине ылайык милиция кызматкерлерине козголгон иш боюнча тергөө жыйынтыкталган.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери иликтөө жүрүп жатканда кызматтан бошотулушкан. Азыркы тапта иш Жумгал райондук сотуна жөнөтүлдү.

Эске салсак, Чаек айылынын тургуну Б.Мамбеталиев уулунун милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынып, жараатынан ооруканага жетпей каза тапканын айтып арыз жазган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан