"2013-жылдын 1-декабрында “Кара-Кече” кенинде Чаек айылынын тургуну Айбек Мамбеталиевди токмоктоп өлтүрүп салды" деп шектелген милиция кызматкерлери унаага алдын ала баңгизат салып коюшкан. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда маалымат жыйынында адвокат Жандар Мамытбеков билдирди.
Анын айтымында, 1-декабрда Айбек Мамбеталиев унаасы менен “Кара-Кече” кенине бара жатканда аны үч милиция кызматкери токтотуп, унаанын айнегинин кара плёнкасын алып салууну талап кылышкан. Ошол учурда милиция кызматкерлеринин бири баңгизатты салонуна бекитип, андан соң Айбектин көзүнчө чыгарып “бул сага таандык” деп шек санап баштаган. Ал күнөөнү танып баштаганда милиция кызматкерлери аны токмоктоп салышкан.
“Оор ур-токмоктун кесепетинен Айбек Мамбеталиев каза болду. Медициналык экспертиза жүргүзүлгөндө эксперт “жүрөгү токтоп калды” деген туура эмес диагноз чыгарып койгон”,- деп кошумчалады адвокат.
Белгилей кетсек, Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө шектүү милиция кызматкерлеринин иши сотко өттү.