Бүгүн, 10-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына “Боом капчыгайындагы кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү такталып, бирөөсү психикалык жактан оорулуу экендиги аныкталды” деп билдирди.
“Алардын бири - Чүй облусунун Жаңы-Жер айылынын тургуну Магомедов Заур Мухтарович, 1986-жылы туулган. Ал психикалык жактан оорулуу. Экинчиси – Арчаев Бердимурат Нурбердиевич, 1971-жылы Жалал-Абад облусунун Кербен айылында туулган",- деп маалымдайт ИИМ.
Эскерте кетсек, 9-февраль күнү саат 17:00 чамасында күч органдары тарабынан тез ылдамдыкта бара жаткан BMW үлгүсүндөгү кара түстөгү 87-87 BW мамлекеттик номурлуу унаа токтотулган. Бирок алар качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып, Тоң районунун Көк-Мойнок айылы тараптан токтотушкан.
BMW унаасынан кавказ улутундагы 25-30 жаштардагы эки адам чыгып, жол-кайгуул кызматынын инспекторуна ок чыгарышкан. Милиция кызматкери алардын бирөөсүн күчкө салып жерге жаткызганда, экинчиси анын желкесине аткан.
Кылмышка шектүүлөрдүн унаасы жүрбөй калып, алар ошол эле жерден Ауди-А6 үлгүсүндөгү Е50-78В мамлекеттик номурлуу күмүш түстүү унааны токтотушкан. Айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү курал менен коркутуп, унааны айдап кетишкен. Алар калтырып койгон машинадан кара түстүү жасалма чач, кара түстүү бет кап жана бүктөлмө бычак (маки) табылды.
Натыйжада Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, прапорщик Бакыт Абдраев каза болуп, Аскарбек уулу Таштан жаракат алган. Маркум Бакыт Абдраевдин артында үч баласы калды.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдү издөө уланууда.