Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев жана анын жакын тууганы Улуттук госпиталдын №3-неврология бөлүмүнүн башчысы Жамалбек Тургунбаевди ур-токмокко алгандыгы тууралуу маалымат тараган. Буга байланыштуу Нурбек Мурашев бүгүн, 14-февралда расмий билдирүү жасады. ЖКнын маалымат кызматы тараткан билдирүү төмөндө:
“2014-жылдын 25-январында депутаттын инисинин аялы (келини) тумоолоп ооруканага түшкөн. 10 күндүк дарылануудан кийин үйүнө чыгарылып, эки күндөн кийин тумоосу дагы күчөп, өтүшүп кеткендигине байланыштуу кайра госпиталга жаткырылган. 2 күн өткөн соң бейтап комага түшүп калган. Депутат бул тууралуу аймакта жүргөндө телефондон маалымат алган.
Кечээ, 13-февралда эртең менен Нурбек Мурашев ооруканага барып, "толук дарылап бүтпөй туруп ооруканадан чыгарып берген” деп дарыгердин шалаакылыгына ачууланып турган туугандарын тынчтандыргандан кийин дарыгер Жамалбек Тургунбаевге кирет. Дарыгер менен баарлашууда эки күндөн бери бейтапка бир да жолу кирип, абалынан маалымат албаганынын себебин сурайт. Бейтапты көрүп берүүнү талап кылып, шалаакылык мамиле жасагандыгы үчүн тиешелүү органдарга кайрыларын айтат. Дарыгер депутатка "орой мамиле жасап жатасың" деп айтат. Дарыгерди жакалаган инисин ажыраткан маалда оорукананын башка кызматкерлери келип ызы-чуу чыккан.
"Оозеки кайым айтышуудан башка эч кандай кол көтөрүү болгон эмес" дейт депутат. Андан кийин саат 10:00 чамасында Жогорку Кеңешке жумушуна келип, жардамчысына ооруканадагы дарыгерлердин бейтапка болгон салкын мамилеси тууралуу тиешелүү органдарга кат жазууну табыштайт Мурашев. Жогорку Кеңешке келген саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевага жолугуп, келининин жөнөкөй тумоодон комага түшүп калгандыгын айтып, кызматтык териштирүү жүргүзүүнү өтүнөт. Түштөн кийин прокуратура кызматкерлери жана кызматтык териштирүү боюнча түзүлгөн комиссия ооруканага барган. Ал эми дарыгер Ж.Тургунбаев ошол күнү кечинде "жаракат алдым" деп ооруканага жатып алган”.
14-февралда депутат кесиптештеринин кеңеши менен менен КРнын Акыйкатчысын дагы аталган ооруканага чакырган. Жамалбек Тургунбаевдин эч кандай тиштери сынып, ээги айрылбаганына акыйкатчы күбө болгон. “Жамалбек Тургунбаев “мени мас абалында урду” деп жалган маалымат берди. Мен ажыга барып келгем, спирт ичимдиктеринен оолакмын”,- деген Мурашев жалган көрсөтмө бергендиги үчүн Тургунбаевдин жоопкерчилигин мыйзам чегинде кароо боюнча тиешелүү органдарга кайрыла тургандыгын кошумчалады.