Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары сот отурумунда жаңжал чыгарышты. Айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерин көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр ыргытылып, залда өрт чыкты. Натыйжада бир милиция кызматкери катуу сабалып, денесинен күйүк алса, экинчисин Жумгал суусуна ыргытып жиберишкен. Ал эми үчүнчүсүн милиция кызматкерлери аман алып калышкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 20-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, айыпталуучу тараптын адвокаты ишти облустук сотто кароону суранган. Муну Жумгал райондук соту карап, ишти Нарын облустук сотуна жөнөттү. Мындан улам маркум Айбек Мамбеталиевдин жакындары нааразычылык билдиришип, аягы ызы-чууга айланып кеткен.
Айта кетсек, бүгүн, 20-февралда Жумгал районунда сот отуруму болуп жаткан. Анда “Кара-Кечеде Айбек Мамбеталиевди өлтүрдү” деп шектелген 3 милиция кызматкеринин иши каралып жаткан. Залда 70-80дей адам болгон.