Мындан ары саруулуктар жол тосушпайт. Мындай билдирүүнү бүгүн, 10-мартта Саруу айылынын тургуну Замир Мендибаев курултайга чогулган эл алдында маалымдады. Анын айтымында, саруулуктар мыйзамда жазылган жоболорду бузбай турган болушту. “Мындан ары саруулуктар жол тосушпайт жана акциялар мыйзамдын негизинде гана жүргүзүлөт”,- деди ал.
Эске салсак, Жети-Өгүз районунда бүгүн, 10-мартка белгиленген “Ынтымак” курултайы болбой калып, ал 12-мартка жылдырылды. Саруулуктар “Кумтөр” маселеси боюнча курултай өткөрүүгө аракет кылышууда. Бүгүн жергиликтүү тургундар чакан жолугушуу өткөрүшкөнү белгилүү болду.