10-марттан бери изделип жаткан Камила Дүйшөбаеванын сөөгү Аламүдүн районунун Байтик айылынын четинен табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыздын жансыз денеси 16-мартта Байтик айылындагы мүрзөнүн жанынан табылды. Анын денесинен жаракат алганы жана муунтулганы белгилүү болду. Аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Эске салсак, 1995-жылы туулган К.Дүйшөбаева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.