Рак илдетине чалдыккан орусиялык ырчы Жанна Фрискеге дагы бир илдет жабышты. Оор дарттын кесепетинен улам учурда ырчынын көзү көрбөй калганын атасы маалымат каражаттарына кабарлаган. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Дарыгерлер "Шишик мээни кысып жатат. Медикаментоздук дарылоодон кийин шишик кичирейсе, көрүүсү калыбына келет" деген үмүттө.
Эскерте кетсек, орусиялык ырчы Жанна Фрискенин рак илдетине чалдыкканы тууралуу маалымат январь айында белгилүү болгон. Жолдошу Дмитрий жубайынын рак илдетине чалдыкканын расмий түрдө ачыктап, Германияда дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин айткан.