Бүгүн, 27-мартта эртең менен "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев “Манас” аэропортунан кармалды. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактар аркылуу жарыялады.
“Мен жаңы эле Москвадан келгем. Саат 4:55те мени “Манас” аэропортунун чек арадан өткөрүүчү жайында Улан Табалдиев аттуу чек арачы кармады. Кармоонун себебин айтпай, УКМКнын буйругуна шилтеме берип жатышат”,- деп билдирди.