Күч органдары жакынкы күндөрдө Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн бети ачыларын айтышты

Соттук-медициналык экспертизанын натыйжасында Камила Дүйшөбаеванын денесинен эч кандай жаракат табылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта маалымат жыйынында КРнын ИИМинин Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчиси Максат Абдыкулов билдирди. 
Анын айтымында, учурда гистологиялык экспертиза жүрүүдө. Анын натыйжасында эксперттер өлүмдүн себебин аныкташат. 
"Камиланы өлтүргөндөр табыла элек. ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын мыкты кызматкерлери аларды издеп жатышат. Айта кетчү жагдай, кылмышка шектүүлөр ким экендиги билине баштады",- дейт Абдыкулов.
Эске салсак, Камила 10-мартта Бишкектин Достук кичи районундагы үйүнөн курбуларына жолугуу үчүн Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилиши тарапка жөнөп кеткен боюнча дайынсыз болгон. Курбулары чалганда аз убакыттын ичинде жолугушуу белгиленген жерге жетип барарын айткан. Бирок белгиленген жерге жеткен эмес. 6 күндөн кийин анын жансыз денеси Байтик айылындагы мүрзөдөн алыс эмес жерден табылган.
ИИМ жакынкы күндөрдө Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн бети ачыларын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nusu95
2014-03-27 22:24:38
деги эле табабыз табабыз дейсинер((табасынар ишенебиз ага(( анан тапкандан кийин колунардан эч нерсе келбей атпайбы(бошотуп атасынар акчага алданып акчаны коргондо адам озу озун башкара албай калат (куйдуросунор адамды((суйкайган жаш сулуу кыздарды олтуруп кетип атышат деги эмне эле болуп атабыз кыргыз эли онолобузбу биз озу((качан болсо жакында онолобуз ушинтип журо берсек2000 жылда да онолбойбуз ушул кыздын суротун коргон сайын журогум ооруп кетет(коздон жаш агып((адам болгулачы кызматтагылар.
+3
boztalaa
2014-03-27 23:45:19
Буралып чыккан гул сулуу,бугу жок таза дил сулуу,Бул элдин шоору бар беле буйрубай кетти бир сулуу. Айтабыз эми кай кетти,аптабын токбой жай кетти буулугуп ыйлап ичинен булуттан чыкбай ай кетти.
+6
TIMi4
2014-03-28 19:44:45
bir bomuwtu tap koiuwsa kerek ment baikeleribiz!
+2
admin_superstan
2014-03-31 14:01:27
nusu95, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан