Белгилүү кикбоксчу Руслан Абасов унаасын жардыруудан улам көз жумду

Белгилүү кикбоксчу Руслан Абасов унаасын жардыруудан улам каза тапты. Окуя бүгүн, 27-мартта Токмок шаарында саат 18:00 чамасында болду. Спортчу ооруканага жетпей жолдо көз жумганы айтылды. Унаада Абасов менен кошо жубайы болгон, келинчеги оор абалда ооруканага жеткирилиптир. Алдын ала маалыматтар боюнча, Абасовго жардыргыч зат колдонуу менен кол салуу болгон. Кикбоксчунун өлүмүнө кримчөйрөнүн өкүлдөрүнүн байланышы болушу мүмкүн экендиги айтылды.

Руслан Абасов: 2005-жылы кикбокстун WBKF версиясы боюнча Дүйнө чемпиону болгон. WAKO версиясы боюнча Дүйнөнүн 2 жолку, Европанын 2 жолку, Евразиянын 1 жолку чемпиону.

Акыркы убакта кылмыштуулук кескин күч алганы байкалууда. Жакында эле Бишкектин көчөлөрүнүн биринен Ниссан үлгүсүндөгү жеңил унаага белгисиз бирөөлөр ок жаадырып, качып кетишкен. Окуя болгон жерде кандын изи калганы менен, жаракат алган адам да, кылмышкерлер да табыла элек. 

Руслан Абасов: "Уулум Руслан Олимпиада чемпиону болот"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
maks83
2014-03-27 22:54:56
ушунтип жатсак качан онугобуз
0
MMA_1
2014-03-27 23:07:09
Бири-бирибизди коралбастык кылып, аркадан бычак сайып журсок кайда онкумок элек! Байкебиздин жаткан жери жайлуу болсун уй-булосуно терек кайгыруу менен конул айтам!
0
ALI2012
2014-03-27 23:13:59
жазасын алыш керек кылмыш кылгандар жана заказ бергендер.
+1
boztalaa
2014-03-27 23:14:19
Кыргыздын ала-тоодой бийик инсанынан айрылдык. Кыргыз спорту учун чон жоготуу болду окунучтуу отто ичим ачышып жатат
+4
chali
2014-03-27 23:38:34
Байке, жаткан жериңиз жайлуу болсун! Кыргызга кыйын күндө жеңиштериңиз менен дем берип жүрдүнүз эле. Элесиңиз дайыма кыргыз элинин жүрөгүндө сакталат.
+2
JrDosSantos
2014-03-27 23:45:50
мен такыр ишенбей жатам неужели. Баяман Эркинбаев, Раатбек Санатбаев эми ушул балага кезек жеткен экенда эххх кыргызстан
+9
damira19
2014-03-27 23:48:45
жаткан жери жайлуу болсун уйбулосуно сабырдуулук берсин
+1
alatookg312
2014-03-28 00:09:43
Мындай боло берсе жаш балдардын спортсмен болгусу келбей калат ко
+1
melis.gulzat
2014-03-28 00:13:42
Качан бири бирибизди коро албастык жоголот кыргыздын атын тааныткандарды чекеден кырып атышат го. Жаткан жери жайлуу болсун
+2
ABS
2014-03-28 00:22:41
Милициялар такыр эле иштебей калдыго ай ай жакшы спорчу эле жаткан жери жайлуу болсун
+1
baktiyar73
2014-03-28 05:38:32
ABS, Милициялар такыр эле иштебей
калдыго дегенге кошула албайм, алар кармап келишсе соттор бошотуп жиберип жатышпайбы.
+1
Beko87
2014-03-28 00:36:01
Шайлоонун алдында Омурбек Чиркешивич оло крим дуйнону тизгиндейбиз деп жаттыгоо!кана курошкону.?жакшы спортчубуз эле.атин ай.
+2
kolya121212
2014-03-28 05:26:17
Beko87, канча адам бийликке келет кетет а Омурбек вечный, козголбойт, Кобзон сыяктуу)))
+1
admin_superstan
2014-03-28 10:14:39
kolya121212, далили жок кимдир бирөөнүн абийирине шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
0
samidinova84
2014-03-28 00:56:58
Сонку кабар окугандан деле чочулап калдым,кундо эле оор кылмыш болгонун окуйбуз.Биздин коопсуздукту ким сактайт?Кудайым бейишин берсин.
+5
chikakorea
2014-03-28 01:28:49
Жаткан жери жайлуу болсун. Окунучтуу аябай...
+1
myshka406
2014-03-28 09:03:43
Кыргызстан кылмыштуулук боюнча озунчо эле Чикаго болуп кетти го
+2
sumka
2014-03-30 22:22:42
Kelin4egi sakayp ketse eken baldarynyn baktysyna!allahym ozun jardam berekor!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан