"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" мыйзамга ылайык, КСДП фракциясынын сунушу боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 2014-жылдын 1-апрелинде парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу тууралуу тескеме чыгарды.
Бүгүндөн баштап жаңыдан түзүлгөн «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн» парламенттик көпчүлүк коалициясы иштей баштайт.
Мындан сырткары жыйында жаңы өкмөттүн курамы да талкууланат. Маданият министри кызматына Ассоль Молдокматова дайындаларын ЖКдагы өздүк булактарыбыз маалымдады.
Эске салсак, Ассоль Молдокматова "Ата Мекендин" партиялык тизмесинде 40-орунда турат.
Мындан сырткары өкмөттүн курамына “Эркин эл” саясий партиясынын жетекчиси Мавлян Аскарбеков кирип, Жаштар министрлигине жетекчилик кылары айтылууда.