Бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов борбор калаанын аймагында курулуп жаткан имараттар менен таанышууда. Ага Октябрь районунун акими Камалдин Токтосартов жана мэрияга караштуу Жеке менчик башкармалыгынын башчысы Молдакмат Тезекбаев катышып жатышат.
Маалым болгондой, борбордун 10-кичи районундагы Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан 4-искусство мектебин куруу боюнча 2009-жылы тендер жарыяланган. Андан кийин тендерди уткан компания курулуш ишин баштоосу керек эле. Бирок ушуга чейин курулуш иштери баштала элек. Айта кетсек, курулуш үчүн жер даярдалган жана аталган райондун тургундары каршы болушкан эмес.