“Салык кызматында өзүнчө желек бар экенин билбей, замандан артта калсам керек” дейт депутат Абдылдаев

Мамлекеттик салык кызматында өзүнчө желек болбош керек. Муну бүгүн, 22-апрелде ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев билдирди. Депутат аталган кызматтын башчысынын милдетин аткаруучуну мисал келтирди.

“Салык кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучунун интервью берип жатканын теледен көрдүм. Ал сүйлөп жатканда артында түшүнүксүз бир желек турду. Балким, мен артта калгандырмын. Салык кызматынын да желеги болобу? Ал жетекчинин артында мамлекеттик желек гана болушу керек да. Салык кызматы - мамлекеттик мекеме”,- деди Абдылдаев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан