Кечээ, 10-майда Даниянын борбору Копенгаген шаарында "Евровидение-2014" Эл аралык музыкалык сынагынын финалы болуп өттү. Калыстар тобу жана көрүүчүлөр жеңишти сахнага сакалчан аялдын образында чыккан австриялык ырчы Томас Нойвиртке ыйгарышты. Ал Европаны «Rise like a Phoenix» ыры менен багынтып, 290 упай топтой алды. Ал эми 238 упай топтогон нидерландылык «The Common Linnets» дуэти 2-орунду, 3-орунду болсо 218 упай менен швециялык ырчы Саана Нильсен ээледи. Орусиянын атынан ат салышкан эгиз кыздар Мария жана Анастасия Толмачёвалар 89 упай топтоп, 7-орунду багындырышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Сынактын жеңүүчүсү Кончита Вурст – Австриянын поп-ырчысы Томас Нойвирттин сахнадагы ысымы. Ал 1988-жылы 6-ноябрда Гмунден шаарында жарыкка келген.
Белгилей кетсек, быйыл бул сынакка 26 өлкөнүн таланттары ат салышкан.