10-майда болуп өткөн "Евровидение-2014" Эл аралык сынагынын жыйынтыгы, анын жеңүүчүсү австриялык ырчы Кончита Вурст учурда эл арасында кызуу талкууга алынууда. Айрымдар "эң сонун аткарды, татыктуу" дешсе, айрымдар "бул сынак гейлерди пропагандалады" деген сындарды жаадырышууда. Ал гана эмес, орусиялык саясатчылар бул сынак тууралуу өз ойлорун ортого салышты. Алардын бири, орусиялык депутат Владимир Жириновский “Евровидение-2014” сынагынын жыйынтыгы талкууланган түз эфирде: “Мына, сакалчан аял! Бактысыз австриялык жигит. Европа жоголду! 100 жыл мурун орус генералы Брусилов бардык австриялык дивизияларды талкалаган. 50 жылдан кийин советтик армия Австрияга кам көргөн. Австрияны бекер бошоткон экенбиз. Биз ошол жакта турганда, ал жерде башкача адамдар болмок”,- деп туталанды.
"Кызуу талкууга алынган Кончита Вурст ким өзү? Балалыгында кандай адам болгон? Кончита Вурсттун образын качан жараткан?" деген сыяктуу суроолорго жооп табууну туура көрдүк.
БАЛАЛЫГЫ
Кончита Вурсттун өз аты - Том Нойвирт. Ал 1988-жылы 6-ноябрда Австриянын Гмуден шаарында жарыкка келген. Балалыгын 3 миң калкы бар Бад-Миттерндорфв Штирии кыштагында өткөргөн. Өспүрүм кезинен тарта ал кыздардын кийимин кийгенге ыктап, кийинчерээк эркектерге кызыгарын, аларга сезими ойгонуп жатканын билген. "Эркектерге болгон сезимимди байкагандан кийин өзүмдөн өзүм коркуп жүрдүм. Мектепте дааратканага сабак жүрүп жаткан учурда, ал жакта эч ким жок кезде барчумун",- деп эскерет ырчы балалыгын.
Ал эми апасы Хельга Нойвирт уулу тууралуу: "Томдун өспүрүм кези өтө оор өттү. Өзгөчө мага анын "мен геймин" деп айтканы оор тийген. Кичинекей шаарда, уулумдун тагдырын түшүнбөгөн элдин арасында биздин үй-бүлөнүн жашашы кыйынга турган",- деп эскерет.
ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ
2006-жылы 18 жаштагы Том Нойвирт поп жанрында ырдаган жаш аткаруучулардын "Стамания" кастинг-шоусуна катышып, 2-орунду багынтат. 2007-жылы "Jetzt anders!" бой-бэнд (кыздарга жакын өспүрүм балдардын тобу) тобунда аз убакыт ырдайт. 2011-жылы ал Грац шаарынан мода мектебин аяктап, ушул эле жылы "Чоң мүмкүнчүлүк" сынагына катышат. Дал ушул сынакта ал Кончита Вурсттун образында чыгып, болгону 6-орунду ээлейт. Бирок ал муну менен гана токтоп калбастан, айымдардын образында бир канча сынактарга, реалити-шоулорго катышып келген.
2013-жылдын 10-сентябрында Кончита Вурсттун "Евровидение-2014" Эл аралык сынагында Австриянын атынан чыгары белгилүү болот. Албетте, көпчүлүк буга каршы чыгат. Ал тургай Беларустун Маалымат министрлигине "Евровидение-2014" сынагынан Вурсттун аткарууларын кесип салууну өтүнгөн кат келет. Бирок Кончита Вурст мындай каршылыктарды угуп-көрүп, "мен жеңиш үчүн баарына чыдайм, туруштук берем" дейт.
КОНЧИТА ВУРСТ ДЕГЕН КИМ?
Кончита Вурст деген айым бул жашоодо болгон эмес. Нойрит лакап аты тууралуу ар кандай маалыматтарды айтып келет. Анын айтымында, бул ысымды ага латын-америкалык курбусу ыйгарган. Дагы бир маегинде ал "Кончита - Конча деген ысымдын эркелетип айтылганы, ал назиктикти түшүндүрөт" деген.
Анын аты гана эмес, Вурст деген фамилиясы да кызыгууну жараткан. "Wurst" немис тилинен которгондо "колбаса" дегенди түшүндүрөт. Мындан улам австриялыктардын айрымдары аны "сакалчан колбаса" деп атап алышкан. Ал эми 2011-жылы берген маегинде ырчы чоң энесинин атынан Вурст болгондугун жана өз атасынын аты-жөнү Альфред Кнак фон Вурст экендигин билдирген.
Кончитанын сакалы эч кандай жасалма эмес, кадимки өсүп жаткан табигый сакал. Ырчы аны сурманы боёочу тендер менен боёп коёт. Ал эми узун, капкара чачы болсо кийме чач. Ал кайсы бир маегинде макияж жасоо үчүн 40 мүнөт короторун айткан.
ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Том Нойвиртти маалымат каражаттарында трансгендер, трансвестит, драг-квин деп белгилеп келишет. Ал 2013-жылы 15-сентябрда берген маегинде "Мени сыйлооңуздарды өтүнөм жана талап кылам. Мен Вурсттун образында гана сахнага чыгып келем. Жумушта Вурст болсом, үйдө Том элемин. Досум менен эркек катары, Том деп таанышкам. Албетте, ал Том менен жолугушуп турат" деп трансексуал экендигин четке кагып, гомосексуал экендигин ачыктаган.
2011-жылы австриялык басылмалардын бирине берген маегинде ал досу, бийчи Жак Патриак менен 4 жылдан бери жашап келерин айткан.