Бүгүн, 20-майда Бишкекте Ак үйдүн астында пландалган Бажы биримдигине каршы акциясы өтпөй калды. Иш-чара саат 09:00дө өтмөк. Бирок ал баштала электе уюштуруучулардын бири Алмаз Тажибайды милиция кызматкерлери Биринчи Май РИИБине алып кетишти.
Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун айтымында, активисттердин президенттин кортежи өтүүчү жолду тосууга аракет кылгандыгы кармоого себеп болду. “Мындан тышкары уюштуруучулардын бири А.Тажибайдын жанында күбөлөндүрүүчү документи жок болгон. Ошондуктан аны милиционерлер алып кетишти. Анын жакындары документин алып келген соң, ал бошотулат”,- деди Сейитов.
Белгилей кетсек, Бажы биримдигине каршы акциясына 5тей адам келди. Катышуучулардын бири, жеке ишкер Алмаз Алжамбаевдин айтымында, иш-чарага чакыруу интернет аркылуу жарыяланган. “Бажы биримдигине кирсек, баалар кымбаттайт. Баалар кымбаттаса, жарандардын айлык маяналары да көтөрүлүшү керек. Мындан тышкары биз ушул уюмга кирсек, Кыргызстан өз эгемендүүлүгүн жоготуп алышы толук мүмкүн”,- деди активист.