Нурак Абдырахмановдун аткарган жана чыгарган күүлөрү Япония, Франция, АКШ, Чехия сыяктуу өлкөлөрдө дүйнө элдерине уктурулуп келген.
Анын аткаруусундагы «Жибек жол», «Так теке» чыгармалары өнөрүн дагы өзгөчө деңгээлге көтөрүп, дүйнө элдерине даңазалап келе жатат. Анын «Аттила хан», «Азаттык камбаркан», «Улуу тоолор», «Сары-Өзөк», «Найман эне» жана башка көптөгөн күүлөрү жана «Бул дүйнө», «Аппак сүйүү тартуула» сыяктуу обондуу ырлары бар. 2009-жылы «Нурактын күүлөрү» деген аталыш менен анын чыгармаларынын арасынан 17 залкар күүсү нотага түшүрүлүп, өзүнчө көлөмдүү китеп болуп чыккан.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыздын атактуу комузчусу Нурак Абдырахмановдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.